Дайыр Асанов атындагы сейил багында Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулушунун 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Митинг-реквиемге Ленинград курчоосуна алынгандар, Россиянын КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко, КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министиринин милдетин аткаруучу Ализа Солтонбекова, КРнын Президенттик аппаратынын этникалык, диний саясат жана жарандык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максат Усубалиев, Ленинград курчоосуна алынгандар коомунун төрагасынын орун басары Марат Кутанов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бактыбек Алиев жана социалдык маселелер боюнча калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева катышты.

Иш-чараны Октябрь райондук администрациясынын акими Данияр Арпачиев ачты.

Ленинград блокадачыларынын, Улуу Ата-Мекендик согушта каза болгондордун жаркын элесине арналган бир мүнөттүк тыныгуу жарыяланды, андан соң каалоочулар эстеликке гүлдөрүн коюшту.