Калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардык саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен тез жардам борборунда  жолугушуусу өткөрүлдү.

Дарыгерлер менен биргеликте Бишкек шаарындагы курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ), сасык тумоо жана коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык абалын жана COVID-19тун андан ары жайылуусун  алдын алуу  боюнча көрүлүп жаткан иш-чараларды, 2020-жылдын аягында "Иммунопрофилактика" улуттук программасын ишке киргизүүнү, жарандарды үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлерине электрондук каттоо боюнча долбоорду ишке ашырууну талкууладык.

Белгилей кетсек, 27-январга карата борбор калаада COVID-19 жана  жугуштуу пневмония менен ооругандардын  28133 учуру катталган.

2020-жылдын 12 айында курч респиратордук вирустук инфекция(ОРВИ) 52.183 учуру катталган. 17,0% ге төмөндөө байкалууда, анткени 2019-жылдын ушундай эле мезгилинде 66.538 учур катталган.

2021-жылдын январь айында курч респиратордук вирустук инфекциянын  3,759 учуру катталды, 2020-жылдын ушул мезгилинде 9,512 учур катталган, оору 39,5% ге төмөндөдү.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти аркылуу 88 миң доза тумоого каршы вакцина алынган, эмдөө 100% түзгөн.

2021-жылдын 1-январына карата 15 миң доза GCFLU вакцинасы (Түштүк Корея) алынган, 27-январга карата 7501 адам эмдөөдөн өткөн.

Вице-мэр борбор калаанын бейтапканаларын санариптештирүү процессине көңүл бурду. Эске салсак, 2019-жылдын күз айынан баштап дарыгерге жазылуу онлайн режиминде registratura.med.kg порталында жүргүзүлүп келет. Бардык шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору тутумга туташтырылган.

Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти билдиргендей, программа ишке киргенден бери 123 миң 220 жолу портал аркылуу дарыгерлерге жазылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине саламаттыкты сактоо уюмдарында санитардык-эпидемиологиялык режимди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Санитардык эрежелерди унутпаңыздар.