Акыркы бир сутка ичинде Бишкекте коронавирустук инфекция  жана пневмония 27 кишиге жукканы маалым болду. Борбор калаанын мэриясы КОВИД-19 менен күрөштү улантып жатат, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы  шаардык өзгөчө комиссия, социалдык маселе боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын жетекчилигинде Бишкектеги эпидабалынын мониторингин өткөрүп жатышат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  эпидемиологдорунун уруксаты менен, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы  шаардык өзгөчө комиссия  бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен  2020-жылдын 18- январынан баштап төрт- 1, 5, 9 жана 11-класстар үчүн окууну оффлайн режимде баштоо чечимин чыгарган.

Биз ушул убакка чейин билим берүү башкармалыгынын адистери, медиктер жана эпидемиологдор менен биргеликте пандемия учурунда кырдаалды байкап турдук, мониторинг өткөрдүк.

Эпидемиялогиялык кырдаал кичине турукташты, бирок ооруну жеңдик деп айтууга дагы эрте, буга байланыштуу башка класстарга жана бала бакчаларга офлайн режимдеги окуу процессин жаңылантуусун убактылуу токтогууга чечим кабыл алынды.
Урматтуу ата-энелер жана балдар! Биз ар бириңиздердин ден-соолугуңуздар үчүн кабатырбыз, ошондуктан бул чечимди түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз. Биз жакын арада билим берүү мекемелеринин иш-чараларын толугу менен жаңылантабыз деген үмүттөбүз.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы соц.тармактардагы жана мессенджерлердеги жалган маалыматтарга ишенбей, маалыматтарды   расмий булактардан тактоону суранат.