Шаар өз ишин улантууда. Жер ресурстары башкармалыгынын  жыйындар залында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине жеңилдетилген типтеги объектилерге укук берүү боюнча комиссия өткөрүлдү.

Анда 162 маселе каралып, анын 113ү жалпы аянты 2,933,5 чарчы метрди түзгѳн  504,4 миң сом суммасындагы ижаралык келишимдер түзүлдү.

Октябрь районунда 30, Биринчи май районунда- 21, Свердлов районунда - 23 жана Ленин районунда- 20 келишим түзүлдү.

Жарнак конструкцияларынын  жалпы аянты аянты  283,76 чарчы метрди түзгөн 19  ижара келишимден 18не уруксат берилди.

Ири ижарачы менен 28 чарчы метр жер тилкесин убактылуу пайдалануу үчүн дагы бир келишим түзүлдү.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылсаңыздар болот. Дареги: Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73.