Борбор калаанын мэриясы шаарды жана шаардыктарды  санитардык нормаларды бузуучулардан коргоо боюнча ишин улантууда.

Бүгүнтөн баштап Шаардык транспорт башкармалыгы, патрулдук милиция кызматы, КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциянын жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери  автобустардын, троллейбустардын жана кичи автобустардын санитардык абалын текшерүү боюнча  рейддик ишин жандандырышты. Биз коомдук транспорттун салондорундагы санитардык  абалын, тазалоочу каражаттардын болушун жана маска режиминин сакталышын  текшерип жатабыз.

Пандемиянын шарттарын бузгандарга эскертүү берилет, эгерде кайталап мыйзам бузулган болсо, Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Маска кийип, колуңузду антисептик менен тазаланыздар. Автобустарда жана троллейбустарда накталай төлөмдөрдөн алыс болуп,  жол акысын «Тулпар» картасы менен төлөңүздөр. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!