Жаӊы үйлөрдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды. Ачкычтарды алгандар бийликке, ошондой эле, тез арада курулушту бүтүрүп, жардам берген куруучуларга ыраазычылык билдиришти.


Үйлөрдү куруу жана оӊдоо иштери КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн 5 млн.сом өлчөмүндөгү каражатка жүргүзүлдү.


Салтанаттуу иш-чарага КР вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев, КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, КР ӨКМБ башчысы Болотбек Аманбаев жана жашоочулар катышты.