Шаардык  муниципалитет, райондук администрациялар ири базарлардын жанында стихиялык соодага каршы күрөштү улантууда.

Турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин Ленин районундагы таңкы текшерүүсүндө муниципалдык кызматтарга башаламан  соода түйүндөрүн жоюу иштерин күчөтүү тапшырылды.

Ленин акимиатынын мобилдик тобу күн сайын райондун аймагын, айрыкча Ош базарынын айланасын текшерип турат.
Кечээ эле биз Ош базарынын айланасындагы мыйзамсыз 14 объектини - 9 темир жана бир жыгач стол, 2 жарнак тактасы жана 2 челекти  алдык.

Бул багыттагы иштер улантылууда.