Урматтуу шаар тургундары! Жаздын алгачкы айынан тартып  Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабынын алкагындагы жолдорду калыбына келтирүү иштери башталаарын  билдиребиз.

Белгилей кетсек, жумуш расмий түрдө 2020-жылдын күзүндө башталган. Андан бери биз бардык даярдык иштерин жүргүздүк: көчөлөрдүн жалпы санынын ичинен артыкчылыктуу көчөлөрдү аныктадык (60), быйыл 43 көчө, 2022-жылы - 17 көчөнү оңдоо иштерин жүргүзөбүз.

Ошондой эле, райондук акимиаттар  менен биргеликте реконструкциялоого тоскоол болгон объектилерди алуу үчүн көчмө жыйын өткөрдүк.

15-мартта Сухе-Батор көчөсүндө  Каралаев көчөсүнөн  Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин  жана Ташкент  көчөсүндө Турусбеков көчөсүнөн  Тоголок Молдо көчөсүнө чейин оңдоо иштери калыбына келтирилет.

Ошондой эле жолдорду оңдоо-калыбына келтирүү иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлөт:

• Каркыра көчөсү Гагарин көчөсүнөн  Ак-Ордо  конушунун Ак-Ордо көчөсүнө чейин;

• Жайыл-Баатыр көчөсү  Чортеков көчөсүнөн  "Арча-Бешик"  конушунун  Алыкулов көчөсүнө чейин;

• Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн  Ак-Ордо  конушунун темир жол өтмөгүнө чейин;

• Өмүр көчөсү  Т. Фрунзе көчөсүнөн  Ашар көчөсүнө чейин;

• Жунусалиев көчөсү  Абдрахманов  көчөсүнөн  «Арча-Бешик» конушунун  Масалиев көчөсүнө чейин;

• Стадион көчөсү  Абдрахманов көчөсүнөн  «Ынтымак» конушунун  Магистрал көчөсүнө чейин;

• Көкчөтай көчөсү  М. Ганди көчөсүнөн  Т.Молдо көчөсүнө чейин;

• Новая көчөсү  Ленская көчөсүнөн - Жеңиш конушунун  Жеңиш көчөсүнө чейин;

• Койбагаров көчөсү  Ж.Пудовкин  көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;

• Санкт-Петербург  көчөсү Т.Молдо көчөсүнөн  Курманжан Датка көчөсүнө чейин;

•Будённый көчөсү  Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;

• Огонбаев көчөсү  Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрөнү  куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңыланат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар болот. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Урматтуу шаар тургундары! Бул шилтемеден оңдоло турган көчөлөрдү көрсөңүз болот: https://www.meria.kg/ru/post/17923