Текшерүүнүн жүрүшүндө «Келечек» конушу 14 көчөсүнүн №15а үйүнө жакын жайгашкан унаа майын алмаштыруу жана сатуу «Манол» пунктунун аймагы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.


Ошондой эле, таштандылар өрттөлүп, пайдаланылган автотранспорттук майлар белгиленбеген жерге коюлган. Аталган жерде санитардык нормалар сакталбай, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан Канатбек УУлу А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.