Шаар өз ишин улантууда. Тилекке каршы, агынды сууларды кабыл алуучу лотоктор жана кудуктардын капкактарын уурдоо фактылары азайбай жатат.

Борбор калаанын мэриясы шаардык мүлктү уурдагандарга каршы күрөшүүнү улантууда. Эми  "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жаңы торлорду орноткондон кийин, торду атайын кулпулар менен бекемдеп жатат.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери 49 агынды сууларды кабыл алуучу лотоктордун торлору орнотулган. Жаңы бекитилген торлор 33 жерге орнотулду:

1. А.Токомбаев проспектиси менен Каралаев көчөсүнүн кесилиши;
2. Алтымышев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилиши;
3. Д. Сяопин проспектиси 257;
4.  Д. Сяопин проспектиси 187;
5. Д.Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилиши;
6. Жибек Жолу проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилиши;
7. Жукеев-Пудовкин көчөсү;
8.  Чокморов көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши;
9.  Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
10.  Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилиши;
11.  Горький жана Беларус көчөлөрүнүн кесилиши;
12. Горький көчөсү, Тамшан кафесинин маңдайы;
13. Фрунзе жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши;
14.  Фрунзе жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
15.  Д. Сяопин жана Массарош көчөлөрүнүн кесилиши;
16.  Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилиши;
17.  Киевский көчөсү (СБ "Караван");
18.  Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши;
19. Чүй проспектиси, 57 үйдүн маңдайы;
20. Чүй проспектиси менен Удмурт көчөсүнүн кесилиши;
21. Д. Сяопин проспектиси менен Фучик көчөлөрүнүн кесилиши;
22 Д. Сяопин жана  Костанай көчөлөрүнүн кесилиши;
23. Панфилов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилиши;
24.Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилиши;
25 Фучик көчөсү, №55 мектеп;
26.  Ахунбаев жана Мавлянов көчөлөрүнүн кесилиши;
27  Ахунбаев көчөсү (айлама);
28. Жибек- Жол проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши;
29. Жибек- Жолу проспектиси менен Шопокова көчөсүнүн кесилиши;
30.  Манас проспектиси 95;
31. Кайназарова жана  Д. Сяопин көчөсүнүн кесилиши;
32.  Л.Толстой жана Крылов көчөлөрүнүн кесилиши;
33. Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши.


Эскерте кетсек, агынды сууларды кабыл алуучу лотоктордун торлоруна кулпулар орнотулат.