Бишкек шаарынын жаңы мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ишке киришти.

Мэрдин милдетин аткаруучу «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү менен жолугуп, 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяларындагы маселелерди жана элдин талаптарын аткаруу алгоритмин талкуулашты.

Ошондой эле, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин укуктук талаада мыйзамдаштыруу боюнча куруучулардын штабынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Эскерте кетсек, Бактыбек Кудайбергенов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10-февралда дайындалды.