Шаар өз ишин улантууда. Свердлов райондук акимиатынын адистери райондук ички иштер башкармалыгынын, №17, №18, №19, №20 жана №21  муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери менен биргеликте  инженердик тармактардын, кудуктарынын капкактарын  алган жайларды аныктоо үчүн темир алуу пункттарын текшеришти.

Свердлов районунун аймагында 8 пункт аныкталып, бардык ээлерине шаардын уурдалган мүлктөрүн кабыл алууга тыюу салынгандыгы жөнүндө расмий билдирүү берилип, белгиленген тартипте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, мурда инженердик түйүндөрдүн, кудуктардын капкактары жана торчолору уурдалган фактылары катталса, азыр аялдамалардагы, тротуарлардагы жана ж.б. жерлердеги капкактар уурдалууда.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы агынды сууларды кабыл алуучу арыктардын торчолорун орноткондон кийин, торлорду атайын кулпулар менен бекемдей баштады.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, темир капкактарды, торчолорду  уурдабаңыздар!

Көптөгөн көчөлөрдө капкактарды жана торчолорду кайрадан орнотуп жатабыз, бул шаардык бюджетке кошумча чыгымдарды алып келүүдө.

Эгерде сиз капкактардын уурдалып жатканына күбө болсоңуздар, дароо милицияга чалыңыздар: 102.