Борбор калаанын багбандары жашыл бактарды отургузууну улантышууда, учурда ийне жалбырактуу бактарды отургузуу кызуу жүрүп жатат.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Октябрь районундагы "Виноградный" сейил багына 37 туя, 7-апрель көчөсүнө  Чүй проспектисинен Свердлов районунун көпүрөсүнө чейин  көчөнүн боюна 42 туя көчөттөрүн  жана  А.Токомбаев көчөсүнө  391 туя отургузушту.

Баса, өткөн дем алыш күндөрү "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери  тарабынан  "Ак кайың токтоюна" бак-дарактарды кол менен кыркуу иштери жүргүзүлүп, Малдыбаев көчөсүнө  Ала-Арча суусунун жээгине  55 туя отургузулду.

Эске салсак, ийне жалбырактуу бактарды отургузуу январь айында башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Белгилей кетсек, ийне жалбырактуу дарактар фитонциддерди бөлүп чыгарып, абаны дезинфекциялоо процессине жана адам организмине оң таасирин тийгизет. Айрыкча, автоунаалар менен жөө жүргүнчүлөр көп топтолгон жерлерде өтө маанилүү.

Бардык көчөттөр  «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын  күнөсканасында өстүрүлдү.