Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Алтынбек Маматов Ош базарындагы чарба субъектилеринин жетекчилери менен жолукту.

Жолугушууда мыйзамсыз соода сатыкты жоюу, соода орундарын иретке келтирүү жана башаламан соода менен алектенгендерди  базардын ичине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Аталган жолугушууга «Беш-Сары», «МЖК холдинг», «Стольный», «Ала-Арча», «Мирошнеченко» компанияларынын жетекчилери, ошондой эле КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, Ленин району боюнча Салык кызматынын, Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жана Ленин районунун ИИБнын кызматкерлери катышышты.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекцияга Ош базарынын периметри боюнча имараттар менен курулмалардын ортосундагы өрттүн ажырымдары жөнүндө маалыматтарды жөнөтүү, ошондой эле Ош Базары ишкердик субъекттеринин жетекчилерине бош соода орундары жөнүндө маалымат берүү боюнча тапшырма берилди. Базардын аймагында  коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча ишти күчөтүү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына тапшырылды.