13-февралда "Стрельников" айылындагы тоонун  боорунда “Биз кышкы спорт менен достук мамиледебиз, үшүктөн коркпойбуз” урааны менен  жаш муундар үчүн кышкы чоң спорттук иш-чара өтөт.

Иш-чарага Бишкек шаарынын төрт районунун балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары болуп, жалпы 400 бала катышат.

Оюндар дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын үгүттөө жана жайылтуу, ошондой эле оор кырдаалда калган балдарды социалдаштыруу максатында өткөрүлөт.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгы уюштуруп, жеңүүчүлөргө жагымдуу белектерди камдады.

Эске салсак, балдар үчүн лыжа тебүү 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет.