Бизге кесиптешибиз, насаатчыбыз, досубуз жана 40 жылдан ашык өмүрүн шаардык троллейбус башкармалыгынын өнүгүшүнө арнаган Жаныбеков Камчыбек Жаныбековичтин  мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы  жөнүндө кайгылуу кабар келди.

Камчыбек Жаныбекович 1941-жылы Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында дыйкан колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.
Москва энергетика институтунун өнөр жайды жана транспортту электрлештирүү багыты боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1966-жылы Бишкек троллейбус башкармалыгында баштаган, жөнөкөй инженерден бөлүмдүн башчысына чейин эмгектенген. Ал бардык кызматкерлерге талапты катуу койгон, бирок адилеттүү жетекчи эле.

К.Жаныбекович Бишкек шаарынын эмгек сиңирген кызматкери жана ардактуу атуулу, КМШдагы электр транспорту ассоциациясынын төрагасы болгон. Ал көптөгөн дипломдор, ыраазычылык каттары жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Бишкек шаарынын мэриясы Камчыбек Жаныбековичтин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана  орду толгус жоготуу кайгысы  менен бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Бишкек шаарынын мэриясы