Мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында «Газпром Кыргызстан» мектебине кабыл алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезексиз жыйыны болуп өттү.

Экинчи чейректин аягында башка мектепке өткөндүгүнө байланыштуу 6 окуучу мектептен кеткен: 1-класс - 1 окуучу, 4-класс - 1 окуучу, 5-класс - 1 окуучу, 6-класс - 1 окуучу жана 10-класс - 2 окуучу.

Буга байланыштуу «Газпром Кыргызстан» мектеби 5, 6 жана 9-класстарга бирден орун берди.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин 7 арызын карашты.
Чечим кабыл алууда баланын диагнозу, үй-бүлөнүн социалдык абалы, окуудагы көрсөткүчтөрү жана бала мурун окуган мектептен алган мүнөздөмөсү жана албетте, баланын өз каалоосу эске алынат.

Белгилей кетсек, «Газпром Кыргызстан» мектебинде мүмкүнчүлүгү чектелген 133 окуучу билим алат.