Шаар ишин улантууда. Мэриянын жер ресурстары башкармалыгынын жыйындар залында 1999-жылдын 16-июнуна чейин курулган турак жай үчүн жер тилкелерине менчик укугун берүү боюнча комиссия өткөрүлдү.

32 суроо каралып, анын 5 суроосуна баш тартылып, 14 иш кийинкиге калтырылды.

Белгилей кетсек, комиссиянын курамына шаардыктардын жаңы өкүлдөрү, Бишкек шаарындагы куруучулар  штабынын мүчөлөрү дайындалганды:

• Свердлов районунда - Садатбек Кусегенов;
• Октябрь районунда - Кайрат Борбуков;
• Биринчи Май районунда - Бүркүтбай Бекманов;
• Ленин районунда - Бактыбек Акматов.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45 56 53 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.