Жакында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын медициналык кеңешинин отуруму болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары М.Каратаев, БШКнын депутаты А.Имангазиева, борбордун социалдык маселелер боюнча вице-мэри А.Чыныбаева, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Баялиева жана шаардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышышты.
Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет, 2020-жылдагы саламаттыкты сактоо уюмдарын каржылоо маселеси, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда медициналык жардам көрсөтүү көйгөйлөрү, COVID-19 пандемиясы учурунда жарандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча тез жардам борборунун иши, ошондой эле  учурдагы калаадагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.

Борбор калаанын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын ден-соолукту коргоо жана чыңдоо, калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча улуттук программаларды ишке ашыруу боюнча иши канааттандырарлык деп таанылды.

Борбор калаанын дарыгерлерине энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн себептерин талдоо, борбордогу клиникаларды жана ооруканаларды санариптештирүү боюнча ишти улантуу жана шаарды COVID-19 илдетинин жайылуусунан сактоо үчүн бардык чараларды көрүү  тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы Үй-бүлөлүк медицина борборлорун (ҮМБ) оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине сунуш киргизиши керек.

Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри А.Чыныбаева дарыгерлерге терең ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды: А.Мусаев - №1 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери, У.М.Алиев - №6 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери жана Ж.Касымалиева №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) башкы дарыгери.

Эске салсак, Бишкек шаардык мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы (ШССБ) 2019-жылдын 27-июнунда түзүлгөн, ал 29 саламаттыкты сактоо уюмунун ишин көзөмөлдөйт.