Урматтуу шаардыктар! COVID-19 пандемиясына байланыштуу бардык профилактикалык иш-чаралар, анын ичинде Улуттук эмдөө календарында каралган профилактикалык эмдөө токтотулган.

15-февралдан 27-февралга чейин мэриянын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы улуттук иммундук алдын-алуу борбору менен биргеликте шаардын жети конушунда мобилдик  клиникаларды уюштурду.

Педиатр, терапевт, гинеколог жана эмдөө бөлмөсүндөгү медайымдан турган мобилдик клиниканын жана лабораториянын кызматкерлери эки жума шаардыктарды кабыл алат:

1. 16-февраль "Көлмө" конушунун Максат көчөсү 40а дарегинде;
2. 17-18-февраль аралыгында "Ала-Тоо" конушунун  Көк-Кыял көчөсү 42 дарегинде;
3. 19-февралдан 20-февралга чейин "Касым" конушунун Кайназарова көчөсү 102 дарегинде;
4. 22-февраль "Ак-Ордо" конушунун  Тунук көчөсү 10а дарегинде;
5. 24-февраль "Калыс-Ордо" конушунун  Калыс-Ордо  көчөсү 109-1/2 дарегинде;
6. 25-февраль "Көк-Жар" конушунун  3чү үйүнүн жер төлөөсүндө;
7. 26-февралдан 27-февралга чейин "Ак-Жар" конушунун  8чи, Ак-Бата көчөсү 52 дарегинде.

Белгилей кетсек, ден-соолук иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругун, Мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемесинин жана ГАВИнин каржылык колдоосу менен  “Бишкек шаарында COVID-19 шартында көчмө эмдөө жүргүзүү жөнүндө” буйругун ишке ашыруунун алкагында өтүп жатат. (Global Alliance for Vaccines and Immunisation —Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянс)

Эмдөө - бул вакцинаны киргизүү, анын жардамы менен адам жугуштуу ооруга каршы иммунитетке ээ болот. Вакциналар организмди өзүнө тиешелүү инфекциядан же оорудан сактоо үчүн иммундук системаны стимулдаштырат. Иммунопрофилактика "Жугуштуу оорулардын иммунопрофилактикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт.

Профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарынын алкагында вакцинанын профилактикасы 12 вакцина менен алдын алуучу инфекцияларга каршы жүргүзүлөт (кургак учук, полиомиелит, вирустук гепатит "В", дифтерия, селейме, көкжөтөл, кызылча, "б" түрүндөгү гемофилдик инфекция, пневмокок, ооз көңдөй инфекциясы, эпидпаротит, кызамык).

Профилактикалык эмдөөлөрдүн натыйжасында акыркы 15 жылда Бишкекте дифтерия, полиомиелит жана селейме оорусу катталган жок. 2020-жылы кызамык жана дифтерия менен ооруган учур катталган жок.

Вакцина менен алдын алуучу инфекциялардын төмөндөшү байкалууда:

• кызылча оорусу 4,9 эсеге азайган (2020-жылы 144 учур,2019-жылы 707 учур катталган);
• көк жөтөлгө чалдыгуу 4 эсеге азайган (2020-жылы 78 учур, 2019-жылы 319 учур катталган);
• эпидемиялогиялык паротиттин оорусу 17,7 эсеге азайган (2020-жылы 27 учур 2019-жылы 516 учур катталган).