Муниципалитеттин кызматкерлери борбор калаада башаламан соода-саттык менен күрөшүүнү улантууда.

Бул жолу Октябрь акимиатынын кызматкерлери райондук ички иштер башкармалыгы  менен биргеликте “Ортосай” базарынын айланасындагы Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө рейд жүргүзүп, башаламан 40 соода түйүнүн алды.

Биз соодагерлерге көчөдөгү соода-сатык кооптуу жана мыйзамсыз экендигин түшүндүрдүк.

Мыйзамсыз сооданы жою боюнча рейддер күн сайын өткөрүлүп турат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан борбор калаада соода жана жарнама эрежелерин сактоону суранат.
Маалымдама: «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 120-беренеси. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу,  жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузуу, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чара көрбөө, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.