Борбор калаанын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен каржыланган "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабынын алкагында курулуш иштери башталганча  жолдорду текшерүүдө.

Бүгүн, Октябрь жана Ленин районунун көчөлөрү вице-мэрдин тыкыр көзөмөлүнөн өттү.

Биз, Жайыл-Баатыр, Чортеков, Стадионная, Жукеев-Пудовкин, Бектенов жана Сухе-Батор көчөлөрүндө жол ишине тоскоолдук жараткан  көйгөйлүү аймактарды изилдеп, текшердик.

Жумуш расмий түрдө 2020-жылдын күзүндө башталган. Андан бери биз бардык даярдык иштерин жүргүздүк: жалпы 60 көчөнүн ичинен жасала тургандарын  аныктадык, быйыл 43 көчөнү оңдоо пландалган, 2022-жылы 17 көчө оңдолушу керек, инженердик тармактарды оңдоо боюнча шаардык кызматтардын сунуштарын эске алуу менен жолдорду убактылуу жабуу схемаларын иштеп чыктык.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңыланат, баарында тротуарлар жана ирригациялык (сугат) тармактар болот.

Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Урматтуу шаардыктар! Өндоло турган көчөлөрдүн тизмеси бул шилтемеде: https://www.meria.kg/ru/post/17923