Борбор калаада кароосуз калган жана кайыр сураган балдарды аныктоо  уланууда. Тилекке каршы, айрым өспүрүмдөр кырдаалдан пайдаланып, онлайн сабактарга катышпай, сабактарды калтырып, базарларда, унаа жуучу жайларда, тамак - аш сатуучу жайларда жана башка жерлерде иштешүүдө.

Свердлов акимиаты райондук ички иштер башкармалыгы,  Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте  райондун аймагында кароосуз алган балдарды аныктоо боюнча рейдин улантууда.

Тактап айтканда: "Ак-Эмир", "Чынар", "Улар", "Таалай", "Дордой", "Аламүдүн", "Мадина" базарлары, "Дордой-Плаза", "Чынар", "Айчүрөк" соода борборлору,  Гоголь көчөсүндөгү борбордук мечиттин айланасы, Осмонкул көчөсүндөгү "Махмуд Кашгари" атындагы мечиттин айлансы,  Жибек-Жолу проспектисиндеги "Имам Сарахси" атындагы мечиттин айланасы, "Мадина" базарындагы мечит жана 9 компьютердик клуб текшерүүдөн  өттү.

Рейддин жүрүшүндө 18 өспүрүм аныкталып, анын ичинен 5 бала Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна, 4 өспүрүм  “Айданек” реинтеграциялык борборуна жеткирилип, 9 өспүрүм ата-энесине жана туугандарына кайтарылды.

Ар бир балага жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга ырайымсыз мамиле жасалып же кайыр сураган учурларга күбө  болсоңуздар, дароо милицияга 102 номерине жана бизге райондук үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнө чалыңыздар:

Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгүл Солтонбаева;
Ленин району: 883899.0502021404 Нуриза Сталбеков;
Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111

Сураныч! Өзүнүзгө,  жакындарыңыздарга жана балдарга кам көрүңүздөр!