Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  Бактыбек Кудайбергеновдун жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун төрагалыгы менен  муниципалитеттин коллегиясы болуп өттү.

Коллегияда «Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2020-жылдагы жыйынтыктары жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылга карата милдеттери жөнүндө» маселе каралды.

Борбор калаанын экономика жана каржы маселелери боюнча биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев оперативдик маалыматтар боюнча регионалдык дүң продуктусунун көлөмү 91,2% реалдуу өсүү темпи менен 238 739,5 млн. сомду түзгөндүгүн билдирди.
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелери 8,5 млрд. сомду түздү, болжолдо 9,5 млрд. сом, болжол 89,2% аткарылган, аткарылбаганы 1,0 млрд. сомду түздү. Салыктык кирешелер боюнча болжолдун суммасы 7,5 млрд. сом, түшүү 6,8 млрд. сомду түздү, план 90,4% аткарылды. Аткарылбаганы 725,6 млн. сомду түздү.

COVID-19га байланыштуу кескин чектөөлөр мезгилинде, эмгек акыны өз убагында төлөөгө жана жумуш ордун сактап калууга каражаттарды үнөмдөө  максатында жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Эч нерсеге карабастан,  муниципалитет социалдык кызмат көрсөтүү, шаар куруу, транспорт, турак жай-коммуналдык чарба жана санариптештирүү жаатында өндүрүштүк планга ылайык ишин улантты.

Жыйынтыгында коллегия отчетту кабыл алды, толуктоолорду эске алуу менен токтом кабыл алынды.