Урматтуу шаар тургундары, ат спортунун сүйүүчүлөрү! "Ак-Кула" ат майданын шаар четине көчүрүп, анын ордуна футбол стадиону курулбайт.

Белгилей кетсек, ипподромдун учурдагы абалы авариялык абалда деп бааланат, анткени ал 1947-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору Владимир Нусовдун автордук долбоору боюнча курулган. Имараттардын жана курулмалардын техникалык абалы учурдагы стандарттарга жооп бербейт жана шаардыктар үчүн кооптуу.

Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин  алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун техникалык корутундусуна ылайык, ипподромдун имараты стандарттардын талаптарына жооп бербейт жана сейсмикалык туруктуу эмес, өтө аялуу жана авариялык абалда, ушул себептен объекттин иштешине жол берилбейт.

Ипподромдун имаратынын авариялык техникалык абалын эске алуу менен, оңдоо жана отургузуу орундарын көбөйтүү мүмкүн эмес.

Ушул жылдын сентябрь айынын башында жогорудагы корутундунун жана ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 20-сентябрында “Ак-Кула” ат майданынын имараты  жөнүндө №466 токтомун кабыл алып, Республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусун жоготуп, бузуп, жаңы ипподром комплексин куруу керек. Шаардыктардын, борбор калаанын конокторунун, спортчулардын коопсуздугу үчүн борбор калаанын мэриясы ат майданды талаптагыдай абалга келтирүүгө ниеттенүүдө, анткени “Ак-Кула” ат майданы  Бишкектеги республикалык жана эл аралык деңгээлдеги ат спорту боюнча мелдештер жана башка спорттук иш-чаралар үчүн зарыл болгон бирден-бир объект болуп саналат. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ат майдандын жаңы комплексин долбоорлоо жана куруу боюнча техникалык тапшырма даярдалган. "Ак-Кула" ат майданын долбоорлоого тендер эки жолу жарыяланган, бирок экөө тең катышуучулардын жоктугуна байланыштуу өткөн жок деп табылган.

Ошондой эле, COVID-19 пандемиясы жана шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготулушун эске алуу менен, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу чечими кабыл алынды.

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы  мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте “Ак-Кула” ипподромун курууга катышуучуларды тартуу үчүн сынак жарыялады.

"Ак-Кула" ипподромунун  аянты 57,4 гектарды түзөт, анын 55,8 гектары шаардын балансына өткөрүлүп берилген ("Ак-Кула "ат майданы), калган бөлүгү боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.