Урматтуу шаардыктар! "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасы тиричилик таштандыларын таштанды контейнерлеринен түздөн-түз сорттоо боюнча пилоттук долбоорду баштады.

"Үкөктөргө чейин" аттуу долбоор азырынча  райондук акимиат, МАБ, жеке компаниялар жана райондун активисттеринин колдоосу менен бюджеттен каржылык чыгымдарсыз Октябрь районунда гана ишке ашырылууда.

Таштандыларды кайра иштетиле турган тамак-аш калдыктарына жана катуу таштандыларга бөлүү шаардын экологиясына келтирилген зыянды азайтууга мүмкүндүк берет, анткени таштандылардын айрым түрлөрү 100 жылдан 500 жылга чейин чирип, ал эми метан бөлүп чыгарган тамак-аш калдыктары өзүнөн-өзү күйүп, таштанды полигонунда түтүн пайда кылат.

Ушул тапта таштанды салуучу контейнерлерге төмөнкүдөй белгиси бар атайын стикерлер чапталган: айнек, кагаз, желим, темир жана тамак-аш калдыктары. Таштанды челектердин жанында шаардыктар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, таштандыларды сорттоп, жердин тазалыгын көзөмөлдөгөн ыктыярчылар турат.

Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында үч багыт боюнча чечимдерди кабыл алууга болот:

1.Социалдык - шаардын таштанды жайларын эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу жолу менен жашоочуларга таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын сиңирүү; видео байкоо орнотуу, жарык берүү ж.б.
2.Калдыктардын морфологиялык анализинин натыйжаларын пайдалануу менен тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу.
3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.