Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору! Эртең биз сиздерди Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы уюштурган салтка айланган айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкесине  чакырабыз.

Жарманке  саат 10:00дон баштап иштей баштайт, ага 53 компания жана 61 дыйкан катышып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын базар баасынан төмөн баада сунушташат.

Биринчи май районунун тургундары Раззаков көчөсүндө  Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн бөлүгүндө  азыктарды сатып ала алышат.

Октябрь районунун тургундары үчүн жарманке  12-кичи райондо Нуркамал Жетикашкаева жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде  уюштурулат.
Свердлов районунун жашоочулары үчүн жарманке  Төрөкул  Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Восток-5 кичи районундагы жээк) өткөрүлөт.
Ленин районунун жашоочулары Бакаев (мурунку Чапаев) менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинен азык-түлүк сатып алышат.

Баарыңыздарды күтөбүз!

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! COVID-19 ден-соолук эрежелерин унутпаңыздар! Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташты, бирок ооруну жеңдик деп айтууга дагы эрте! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!