«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жыйындар залында калаанын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу жаңы конуштардын тургундары жана куруучулар штабынын өкүлдөрү менен жолукту.

Бүгүнкү күндө укук белгилөөчү документтери жок жеке турак жай имараттарына инвентаризациялоо жүргүзүлдү.

7.183 жеке турак үй курулган, анын ичинен: 1999-жылга чейин курулган - 1786 үй; 1999-жылдан кийин - 5397 үй. Аталган объектилер боюнча документтер "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына мыйзам алкагында тиешелүү корутунду даярдоо үчүн жөнөтүлдү.

Ошондой эле, 2013-жылга чейин курулган жеке турак жай имараттарын мыйзамдаштыруу боюнча долбоор даярдалган жана бүгүнкү күндө куруучулардын штабы менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Төрт райондун башчыларына жума сайын куруучулар штабы менен жолугушууларды өткөрүп туруу тапшырмасы берилди.