Бишкек шаарынын  мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгы  муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда.

2006-жылы шаар тургуну Р.А.га, Осмонкул жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 0,065 га аянттагы жер тилкеси убактылуу пайдаланууга, ижаралык негизде  5 жылдык мөөнөткө  унаа жуучу жай, экспресс-кафе жана бильярд бөлмөсү бар техникалык тейлөө пункту үчүн берилген.

2019-жылдын төртүнчү кварталын эске алганда, ижарачынын ижара акысы боюнча 684 миң 21,82 сом, 171 миң 5,45 сом өлчөмүндөгү айып пул, жалпысынан 855 027,27 сом карызы бар.

Ижара акысын убагында төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, Жер ресурстары башкармалыгы  сот органдарына ижара төлөмдөрү,  карызды өндүрүү боюнча доо арызы менен кайрылган.

Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 18-февралындагы чечими менен доо толугу менен канааттандырылып, шаардын бюджети 855 миң 027,27 сомго толтурулат.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстарын башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.