Бүгүн, борбор калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы астында, Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев жана райондук кызматтардын кызматкерлери менен биргеликте “Бугу-Эне-Багыш” конушун электр энергиясы, суу менен жабдуу жана участоктун чек араларынын баштапкы чегин аныктоо маселелери боюнча көчмө жыйын уюштурулду.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына  "Бугу-Эне-Багыш" конушунун баштапкы чегин аныктоо боюнча иштерди бүтүрүп, шаардык мэриянын тиешелүү кызматтарынын жана тургундардын катышуусунда жолугушуу уюштуруу тапшырылды.

Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына  шаардыктардын  үйлөрүн электр энергиясы менен камсыздоо боюнча ишти тезинен баштоо жана суу алуучу мунаранын курулушу боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерин иштеп чыгуу,  ошондой эле, белгиленген тартипте жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын долбоорлоо жана куруу боюнча сунуштарды карап чыгуу жана киргизүү тапшырмасы берилди.

Шаардык транспорт башкармалыгы  конуштун жашоочулары менен тез арада жолугуп, транспорт маселесин чечиши керек.

Биринчи май районунун башчысы шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы менен биргеликте убактылуу фельдшердик-акушердик пунктту (ФАП) уюштуруу боюнча сунуштарды карап чыгып, сунуштайт.