Урматтуу шаардыктар, Ленин районунун тургундары! №22 орто мектептин аймагында дагы бир воркаут-аянтчасы ачылды.

Бул жерге  ачык спорт менен машыгуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн заманбап шаймандар менен жабдуулар орнотулду.

Райондун тургундары жана №22 мектептин окуучулары менен биргеликте спорт аянтчасын Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев ачты.

Урматтуу шаардыктар! Бардык балдарды жана ата-энелерди чакырабыз! Өзүңүзгө кам көрүп,  спорт менен машыгыңыз, Балдарга жаштайынан сергек жашоо образына үйрөтүңүз, оорубаңыз!

Санитардык эрежелерди унутпаңыздар. Маска кийип, колуңузду антисептик менен тазалап, аралыкты сактаңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!