Борбор калаанын мэриясы, райондордун акимдери  шаардыктар менен ар дайым байланышта болушат. Күн сайын төрт райондун акимдери Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушуп, чарба  маселелерин чечишет.

Бул жолу Свердлов районунун башчысы Мурат Осмоновдун жеке кабыл алуусуна 9 шаар тургуну келди. Материалдык колдоо көрсөтүү, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана турак жайларды каттоого алуу, жеңил объектилерди орнотууга уруксат алуу, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Аким Свердлов районунун  ар бир тургунунун оюн угуп, райондук кызматтарга жана МАБ  жетекчилерине бардык маселелерди тез арада чечип берүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сизде кандайдыр бир көйгөйлөр  болсо, анда биринчи кезекте үй же кварталдык комитеттердин төрагаларына, ошондой эле үй ээлеринин шериктештигине жана муниципалдык аймактык башкармалыктарына  кайрылууңуз керек.

Райондордун башчылары ар дайым байланышта болуп, шаар тургундарынан келген бардык кайрылууларга жооп берет. Акимдердин  жеке кабыл алууларына жазылуу үчүн райондордогу  бирдиктүү терезеге кайрылсаңыз болот.

Октябрь району, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, Байтик-Баатыр көч., 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, adm-oktyabr@bk.ru

Биринчи май району, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, Жибек-Жолу көч, 348 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), телефон: 32-51-60, 62-46-35, adm-pervomai@meria.kg

Свердлов району, (0312) 36-01-93, Чүй проспектиси  28, иш күндөрү саат 8: 30дан 17: 30га чейин, 418 кабинет, adm_sverdlov@meria.kg

Ленин району, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, Чүй пр., 315 (фойенин сол тарабында, Ленин акимиатынын биринчи кабаты), тел: 65-69-05, adm-leninski@meria.kg