Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! 24-февралда, ошондой эле 22, 23-мартта шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак такталарын, муниципалдык менчиктеги жайларды ижарага алуу боюнча электрондук аукциону өткөрүлөт: https: // etp.okmot.kg/msu/

Аукционго  бир жылдык мөөнөткө жарнамалык 30 жарнама тактасы жана үч жылдык мөөнөткө 20га жакын муниципалдык объектилер коюлат.

Шаардыктарды, ишкерлерди онлайн аукционго катышууга чакырабыз!

Эскерте кетсек,  жер реформасынын алкагында электрондук аукцион аркылуу жерди жана муниципалдык жайларды ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бардык процедураны ачык-айкын көрсөтүп,  шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт.

Алгачкы  электрондук аянтчаны муниципалдык мүлк башкармалыгы  өткөн жылдын сентябрь айында баштаган.

Кошумча маалымат жана кеңеш: 62-01-27. Facebook: https://www.facebook.com/umibishkek/

Электрондук форматта муниципалдык менчик объекттерин ижарага берүү келишимин түзүү укугу боюнча аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо менен бул шилтемеден  таанышсаңыз болот: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/13463 ? cl = ru-ru