Шаар өз ишин улантууда. Азыркы учурда борбор калаадагы эки медициналык уюм "COVID-19 илдетине тез чараларын көрүү" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын эсебинен оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын 24 бөлүмү иретке келтирилүүдө, ал жерде 2020-жылдын июль айында COVID-19 менен ооруган бейтаптар жайгаштырылган.

"Алым-Строй", "ГТС Корп", "Дастан Строй Групп" жана "ЮгСтрой" аттуу төрт подряддык курулуш компаниясы ички оңдоо иштерин жүргүзүп, полдун жабуусун, суу жана канализация түтүктөрүн алмаштырып, электр зымдарын жана шаймандарын иретке келтирүүдө. Ошондой эле, душ кабиналары орнотулуп, палаталардагы жуунучу бөлмөлөр актыга ылайык жаңыртылды.

Ошол эле учурда Москва көчөсүндөгү курч респиратордук патология жана Эне жана Баланы Коргоо Улуттук Борборунун (ЭжБКУБ) СOVID-19 бейтаптары үчүн изолятору болгон жандандыруу бөлүмдөрүндө  оңдоо иштери жүрүп жатат.

Объектердин үстүндө төмөнкү подряддык мекемелер иштөөдө: "Сириус курулуш фирмасы" ЖЧКсы жана "Ажи Строй" ЖЧКсы.

Ошондой эле, полдорду, терезелерди жана эшиктерди, инженердик коммуникацияларды алмаштыруу менен ички бөлмөлөрдү оңдоо, жаңы душ бөлмөлөрүн жана дааратканаларды орнотуу каралган.

Графикке ылайык, бардык медициналык мекемелерде оңдоо иштери ушул жылдын февраль айынын аягына чейин жыйынтыкталат.

Айта кетсек,  "COVID-19 илдетине тез чараларын көрүү" долбоорунун максаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19ка каршы аракеттенүү жөндөмүн чыңдоо, профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо уюмдарынын шарттарын жакшыртуу жана дары-дармектерди, чыгымдалуучу материалдарды жана медициналык шаймандарды сатып алуу.

Эгерде оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суроолор, кайрылуулар же даттануулар келип чыкса, төмөнкү булактар аркылуу кайрылууну өтүнөбүз:

1. Узакбаев Камчибек Аскарбекович, Эне жана Баланы Коргоо Улуттук Борборунун (ЭжБКУБ) директору тел: 0773 677750, электрондук почта: uzakbaev@list.ru

2. Аймактык түз байланыш номуру: 0312318780 (Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгы).

Борбордук тынымсыз байланыш номурлары: 0312 660663 (Саламаттык сактоо министирлиги), 0312 323202, 0312 323055, 0550 033607 (Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору);
- WhatsApp: 0770895556;
- Сайттын дареги: www.med.kg
- Электрондук почта: mz@med.kg
- Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасынын байланыш номуру: +996 (312) 621023, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Москва көч., 148.

3. Координатор даттанууларды кароо боюнча ӨКМ/ОРП - Юлдашева Максатай, WhatsApp: 0555482003; электрондук почта: maksatai.yuldasheva@gmail.com

4. Бүткүл Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү: Москва көчөсү, 210, Бишкек. Электрондук почта: bishkek@worldbank.org, Тел. +996 312 625262

Дүйнөлүк банктын даттанууларын кароо кызматы.

- Электрондук почта:grievances@worldbank.org