Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарында 2019-жылдын аягына чейин 100дөн ашуун мончо жана сауналар каттоодон өткөн, бирок,  алардын саны көп. Борбордогу мончолордо бир сааттык жуунуунун баасы бир адамга 300 сомдон башталат.

Гагарин көчөсү, 74 дарегинде №5 мончо жана кир жуугуч ишканасы бар, ал 1968-жылы курулган, ошондон бери "Бишкекжылуулукэнерго" комуналдык  ишканасы объектини талаптагыдай иштетип жатат. Муниципалдык мончодо чоңдор үчүн жалпы бөлүмдөгү кызматтын баасы 130 сомду түзөт.

Биз жыл сайын капиталдык жана косметикалык оңдоолорду жүргүзөбүз, техникалык жана көмөкчү шаймандардын учурдагы абалын жана колдонууга жарамдуулугун көзөмөлдөп турабыз. Энергия алып жүрүүчүлөрдүн, агрегаттардын, курулуш материалдарынын жана башка жабдуулардын наркы тынымсыз өсүп турат, бирок, №5 мончо жана кир жуугуч ишканасынын  кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы өзгөрүүсүз калууда.

Биз көптөн бери тарифтерди көтөрбөй келгенибизди эске алышыңыздарды өтүнөбүз. Мончо кызматтарынын тарифтери акыркы жолу 2016-жылы өзгөртүлгөн.

Ушуга байланыштуу, 2021-жылдын 1-мартынан тартып, № 5 мончо жана кир жуугуч ишканасынын  кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларын бир аз көтөрүүгө мажбур болуп жатабыз, баалардын көтөрүлүшү  этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Кызматтар

Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы


2021-жылдын 1-мартынан (сом)

Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы


2021-жылдын 1-мартына чейин (сом)

1.

Жалпы бөлүмдө жууну




1.Чоңдор

160

130


1.7 жашка чейинки балдар

60

50


1. 7 жаштан 12 жашка чейинки балдар

75

65


1. Жеңилдетилген категориялары бар жарандар 

75

65


1.Уюшкан коноктор (Кесиптик лицейдин студенттери, аскерлер)

90

80

2.

Душ кабиналарында жууну

150

150

3.

Ваннасы бар бөлмөдө жууну

170

170

4.

Жеке жууну бөлүмүндө 

350

300

5.

Шейшептерди ижарага алуу

40

30