Биринчи май районундагы Карагай көчөсүнүн бир бөлүгүнүн начар абалы боюнча бизге шаардыктардан көптөгөн арыздар келип түшкөн.

Бул жерде канализация тармагы төшөлгөндөн кийин асфальт  бузулуп, кар, жаан-чачынга байланыштуу жолдун абалы начарлап баратат. Тургундарга, айрыкча балдарга, мектепке жана бала бакчага баруу кыйынга турат.

Район акими Максат Нусувалиев тез арада аталган аймакка шагыл төгүү маселесин чечүү  үчүн жерине барды.

Аким, №13 МАБдын башчысына маселени көзөмөлгө алып, ишти тезинен баштоону тапшырды.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук администрациясы тарабынан шагыл толтуруу үчүн каражат бөлүнүп, №13 МАБ  тарабынан бүгүн тендер жарыяланды. Оңдоо иштерин 10-мартка чейин бүткөрүү пландалууда.