Шаардык муниципалитет, райондук администрациялар ири базарлардын жанында стихиялык соодага каршы күрөштү улантууда.

Ленин акимиатынын ыкчам тобу күн сайын райондун аймагын, айрыкча «Ош Базарынын» айланасын текшерүүдө.

Биз, мыйзамдуу соода орундарын алуу үчүн стихиялуу соода кылгандардын  тизмесин түзүп, "Ош Базары" соода-көңүл ачуу комплексинин ичиндеги бош орундарды караштырып, ишкерлер менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, мурда мыйзамсыз соода менен алектенген 106  адам, азыркы убакта «Ош Базары» соода-көңүл ачуу комплексинин ичинде соода кылуу үчүн орун алышты.

Бул багыттагы иштер дагы уланат.