Шаар ишин улантууда. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы кызматташуу жана биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө эки меморандумга кол койду.

Биринчи үч тараптуу документке «Биоусмир» компаниясы жана «Инновация» коомдук фонду кол койду.
Меморандумдун алкагында шаарда  жашыл аянттардын көбөйүшүнө  өбөлгө түзгөн "Микориза" (козу карындын тамыры) биологиялык жер семирткичи кайтарымсыз негизде  берилет.

Экинчи меморандумга «Кыргызланд»  Экспортчулар жана Импортерлор Ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова кол коюлду. Борбор Азиядагы «Кей Эй Джей»  расмий дистрибютору 400 литр арган - "Глицерол" минералдык жер семирткичтери менен  камсыз кылат.

Препараттардагы глицериндин көп болушу жашыл мейкиндиктердин коргонуу механизмдерин калыптандырат  жана вегетация мезгилинин бардык фазаларында ным жетишсиз болгон учурда өзгөчө мааниге ээ болгон жалбырактарда жана топуракта ным сактоочу пленканын пайда болушуна өбөлгө түзөт.