Кечээ, Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө шаар боюнча майрамдык иш-чаралар өттү.

Жеңиш аянтында өчпөс  отко гүл чамбар коюу иш-чарасы өткөрүлдү.  

Иш-чарага шаардыктар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана өлкөнүн ички иштер органдарынын өкүлдөрү, Свердлов районунун акими Мурат Осмонов катышты.

Курман болгондорду эскерип, катышуучулар эстеликке гүл коюшту, бир мүнөттүк тыныгуудан кийин үч жолу атылган мылтык үнү жаңырды.

Шаарда карылар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн адистештирилген стационардык мекемеде  "Алга, Аталар!" конкурсу өткөрүлдү.

Ошондой эле, Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев Кыргыз Республикасынын авиация жана коопсуздук күчтөрүнүн ардагерлерин, Ооганстандагы согуш аракеттеринин катышуучуларын, райондун жашоочуларын жана активисттерин райондун активдүү жашоосу, талыкпаган, үзүрлүү жана ак ниет эмгеги үчүн куттуктап,  Ардак грамоталарын тапшырды.

Райондук  администрация тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, тылдын эмгекчилерине, Ленинград блокадачыларына жана туткундарына  бир жолку жөлөк пул  төлөндү.

Октябрь жана Ленин райондорунун жетекчилери четте калышкан жок, майрамдын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барып, куттукташты.