Калыс-Ордо, Мурас-Ордо суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу,  25 -февралда саат 9:00дөн кечки 18:00гө  чейин "Калыс-Ордо", "Мурас-Ордо" конуштарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча 1533 номерине чалсаңыздар болот.  Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылууларды күнү-түнү кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182-185 номерине жөнөтүңүздөр.