Кутман күнүңүздөр менен урматтуу шаардыктар! Шаардык кызматтар  борбор калаанын көчөлөрүндө жана тротуарларында карды күрөө үчүн кечээ кечке маал чыгышкан.

Бүгүнкү күндө жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери 37 бирдик атайын техниканы: МАЗдын базасында 25 кар тазалоочу техника, 4 универсалдуу УКМ, 4 "Беларусь" кичи трактору, 2 алдыңкы жүктөгүч жана 2 ЗИЛ-130 жүк ташуучу унааны  тартуу менен шаарды тазалоодо.

Калаанын жолдоруна, тротуарларына  551 тонна техникалык туз сарпталды. Эмне үчүн туз колдонулуп жатканын бул шилтемеден окусаңыз болот: http://www.meria.kg/ru/post/19722

Бишкек шаарында таштандыларды чыгаруу боюнча 645ке жакын көчө шыпыргычтар, "Тазалыктан" 121 жүктөгүчү, жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери жана жүз адамдан турган бригада ишин улантууда.
Таза шаар үчүн "күрөш" тынымсыз уланат.

Урматтуу шаар тургундары! Жолдорду, тротуарларды тазалоого байланыштуу кайрылууларды сүрөт жана видеолору менен 0554 182 185  номерине жөнөтсөңүздөр болот. Ошондой эле кайрылууларды күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номерлери кабыл алат.