18-20-февраль аралыгында Лида шаарында (Беларуссия) XXVI Жайкы Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Валерий Целентий - Lida Open жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча уландар арасында эл аралык мелдеш болуп өттү.

Мелдештер эл аралык UWW федерациясынын бекитилген эрежелерине ылайык, 10 салмак категориясында өттү.

Ага Россия, Молдова, Украина жана Кыргызстандан 120 спортчу катышты.

Бишкек шаарынын курама командасынан 6 спортчу катышты, алардын бардыгы улуу машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги астында Ленин районунун спорт мектебинин тарбиялануучулары.

Жыйынтыгында 4 алтын жана 2 коло медалга ээ болдук.

Жеңүүчүлөр жана сыйлык ээлери:
1-орун: Бердикулов Нурболот 45 кг;
1-орун: Жолдошбеков Ислам 55 кг;
1-орун: Бейшекеев Разак 60 кг;
1-орун: Жекшенов Арсен 65 кг;
2-орун: Мияшов Нурислам 80 кг;
3-орун: Хасанов Исмаил 92 кг.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларды жеңиши менен куттуктайт! Сиздерге чың ден-соолук жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!