Шаардык  муниципалитет, райондук администрациялар ири базарлардын жанындагы башаламан соода менен күрөшүүнү улантууда.

Ленин райондук администрациясынын мобилдик тобу күн сайын райондун аймагын, айрыкча Ош базарынын айланасын текшерип турат.

Бул жолу биз Токтогул көчөсүн ээсиз автоунаалардан тазаладык. ИИМдин Патрулдук кызматы тарабынан мыйзамды бузган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 120-беренесине ылайык алты протокол түзүлдү.

Маалымдама: 120-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу же сындыруу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзү билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык сууларды жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, жолдо, көчөдө тоскоолдуктарды түзүү, жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода точкаларын, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.: жеке жактарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом.