Бишкек шаарынын мэриясы гендердик теңчиликти жайылтуу жана гендердик басмырлоону жоюу, аялдардын, кыздардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча ишин улантууда.

Свердлов акимиатында бир ай мурун аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларын аныктоо үчүн  алты мобилдик топ түзүлгөн.

Көчмө бригадалардын курамына Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, РИИБдин кызматкерлери, мектептердин социалдык мугалимдери, МАБдардын адистери, райондун  үй комитеттеринин жана кварталдардын  төрагалары кирген.

25-февралга карата 2307 үй-бүлө текшерүүгө  алынып, алардын бардыгы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аныктоо иштери жумасына үч жолу өткөрүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар, эгер сиз үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы же күбөсү болуп калсаңыз,  ишеним телефондоруна кайрылыңыз: 102 - ИИМ, 112 - бирдиктүү маалымдама номери, 111 - балдар үчүн ишеним телефону.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдарды колдоо максатында борбор калаада биринчи аялдар кризистик борбору (Аялзат) ачылгандыгын, ал жерде балдары бар аялдар убактылуу баш калкалаарын жана укуктук, психологиялык жана медициналык кеңештер берилерин эскертебиз.  Мэрия милиция  менен биргеликте иш алып барат жана кайрылуу  102 номерине  келип түшкөндө гана кризистик борборго жиберилет.