Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана социалдык тармактардагы бардык арыздарды кылдаттык менен көзөмөлгө алат. Ар жума сайын Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында техникалык кеңеш өткөрүлүп, анда шаардыктардын жана коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн арыздары каралат.

2021-жылдын эки айында 21 арыз келип түшкөн, анын ичинен 16сына чечим чыгарылып,  5 иш каралууда.

26-февралда айдоочуларга карата дагы 5 протокол түзүлүп, шаардыктардан дагы 5 арыз келип түшкөн.

Эскерте кетсек, даттануулардын 80% социалдык тармактардагы баракчаларыбызга келип түшөт.

Урматтуу шаар тургундары! Коомдук транспортторго байланышкан кайрылууларды төмөнкү номерлерге калтырыңыз:

• Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы: 53 36 48, 0550143637 WhatsApp.
• Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753;
• Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700 411905.