Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Башкармалыктын башчысы Нурлан Токоноев  эркин жана грек-рим, бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин жаңы директорун Сагынбаев Каныбек Калыгуловичти жамаатка тааныштырды.

Сагынбаев Каныбек Калыгулович 1985-жылы 11-ноябрда туулган. Ал Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2007, 2010, 2014) жана башка бир катар ири турнирлердин жеңүүчүсү.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Айша Карымшакова ээлеп келген.