Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбордун коноктору!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана борбордук мэрия тарабынан уюштурулган айыл чарба жарманкесине чакырабыз.

Жарманкелер үч райондо саат 10:00дон баштап иштей башташат.

Биринчи май районунун тургундары Раззаков көчөсүндө, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн бөлүгүндө айыл-чарба азыктарын  сатып ала алышат.

Борбор калаанын Октябрь районунун тургундары үчүн жарманке 12-кичи районунун  Н.Жетикашаева жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулду.

Свердлов районунун тургундары үчүн жарманке мурунку эле жерде: Т. Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи районунда) өткөрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! COVID-19 санитардык эрежелерин унутпаңыздар: маскалар, тазалагычтар жана аралык! Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташты, бирок илдетти жеңдик деп айтууга дагы эрте. Өзүңүзгө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!