Шаардык мэрия Кыргызстандагы “Бириккен Улуттар Уюму-Аялдар” түзүмү менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө эскертүүчү-маалыматтык, социалдык жарнак жасап,  үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар үчүн ишеним телефондорун иштеп чыкты.

Биз үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө шаардыктардын көңүлүн буруу үчүн жана "111" ишеним телефонун жайылтуу максатында шаардын айланасында 20га жакын жарнама такталарын иштеп чыктык.

“Үй-бүлө – бул ар бир адам, ата-эне болобу, бала болобу, өзүн коопсуз сезе турган жер – бул демилгенин негизги билдирүүлөрүнүн бири. Биз ар бир жарандын укугун ишке ашырууну, ошондой эле күчтүү жана гүлдөп өнүккөн өлкөнүн негизи катары Кыргызстанда болгон позитивдүү социалдык ченемдерге токтолгубуз келет”,- деди “БУУнун Аялдар” түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү Улзийсурен Жамсран.

Белгилей кетсек, баннерлер аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу максатында Европа Биримдиги менен БУУнун биргелешкен демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн - "Луч света" өнөктүгүнүн алкагында орнотулган.