Урматтуу шаардыктар! «Ак-Босого-1», «Ак-Босого-2»  суу алгычтарында оңдоп –түзөө иштерине жана түтүктөрдү жаз-жай мезгилине даярдоого байланыштуу, 2-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин «Ак-Босого» конушунда жана Сары-Челек, Нуркен, Андижан жана Бухара көчөлөрү чектешкен аймакта, анын ичинде: №81 мектепте, №2 «Алтынай» бала бакчасында, №14 ҮМБ, №15 милициянын участкалык пунктунда жана №16 муниципалдык аймактык башкармалыгында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Жаңы конуштун тургундарына МАБ жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрү аркылуу таза суу өчүрүлөрү тууралуу маалымат берилди.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан суроолор менен 1533 – шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна  чалсаңыздар болот. Ошондой эле, бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.