Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! "Бишкексууканал" башкармалыгы канализация коллекторун курууга тендер жарыялайт.

Сынак эки лоттон турат:

Лот 1: Узундугу 2333,03 метрди түзгөн канализациялык тазалоочу жайдагы кабыл алуу камерасынан түштүк-батыш коллекторуна чейин канализация коллекторун куруу.

Лот 2: Түштүк-батыш коллекторунан Фучик жана Ленская көчөлөрүнүн кесилишине чейин, узундугу 1657,32 метр болгон канализация коллекторун куруу.

Аукциондун катышуучулары лоттордун бирине же эки лот боюнча тендерге катыша алышат.  Конкурстун идентификациялык номери: PIP-3b.

Сынак Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ЕСЕРР дин электрондук сатып алуулар порталы аркылуу өткөрүлөт. Тендерге катышуу үчүн катышуучулар ЕСЕРР да колдонуу шарттарына ылайык каттоодон өтүшү керек. Сынакка катталган гана катышуучулар катыша алышат, документтерге, түшүндүрмөлөргө, толуктоолорго, өзгөртүүлөргө жана ЕСЕРР  аркылуу жооп / конкурска билдирме жөнөтө алышат.

Эскерте кетсек, "Бишкексууканал"башкармалыгы ЕРӨБ тарабынан берилген насыянын бир бөлүгүн жана Швейцария Конфедерациясы (SECO) тарабынан берилген гранттын бир бөлүгүн Бишкек шаарындагы суу менен камсыздоону калыбына келтирүү жана  канализация тутуму боюнча долбоордун экинчи этабын каржылоого ниеттенүүдө.